Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 27-октябрындагы жыйынында айтты.
Эл өкүлү өзүнүн кызмат ордунан кетишин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун парламент спикери болуп шайланышы менен байланыштырды.
Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда отставкага кетип, ордуна депуттардын көпчүлүк добушу менен Дастан Жумабеков шайланган. (SE)