Киевдеги жардырууга байланыштуу тергөө тобу үч негизги версияны караштырууда. Бул тууралуу Киев прокурорунун орун басары, ушул окуя боюнча түзүлгөн иликтөө тобунун жетекчиси Павел Кононенко 26-октябрда билдирди.
"Биринчи версияны Мосийчук өзү айтты. Ал Орусия Федерациясынын атайын кызматтары тарабынан Мосийчуктун өмүрүнө кол салуу ыктымалдыгы. Аткаруучулар ким экенин кылмышкерлерди тактагандан кийин айтабыз. Экинчи версия Мосийчук мырзанын саясий ишмердигине жана өлкөбүздөгү коомдук позициясына байланыштуу. Үчүнчүсү болсо Мосийчуктан жеке өч алуу максатындагы кол салуу", деди Кононенко.
25-октябрдын кечиндеги жардыруудан эки адам өлгөн. Беш киши, анын ичинде жергиликтүү телеканалдын кеңсесинен чыгып келаткан Жогорку Рада депутаты Игорь Мосийчук жаракат алган. Мосийчук окуяны өзүнө каршы чабуул деп мүнөздөөдө. Жардырууну Улуттук коопсуздук кызматы теракт катары иликей баштады.
Ал эми Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айыптоолорду "негизсиз" деп, четке какты. Ал муну "тилекке каршы Украина менен Киевди каптаган антиорусиялык кампаниянын бир бөлүгү" деп атады.