Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Сахаров сыйлыгы Венесуэла оппозициясына ыйгарылды


Венесуэладагы эл менен бийликтин кагылышуусунан бир ирмем. 30-июль, 2017-жыл
Венесуэладагы эл менен бийликтин кагылышуусунан бир ирмем. 30-июль, 2017-жыл

2017-жылкы Сахаров сыйлыгы оппозиция басымдуулук кылган Венесуэла парламенти - Улуттук жыйынга жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү бардык саясий туткундарына ыйгарылды. Ал быйыл декабрда Страсбургда тапшырылат.

Европарламенттеги либералдардын лидери Ги Верхофстадт "бул сыйлык Венесуэладагы демократиялык кыймылды колдоо катары эсептелет" деп билдирди. Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту венесуэлалыктардын эркиндиги үчүн күрөшүнө кошулууга чакырды.

Венесуэлада бир нече айдан бери саясий, экономикалык кризис курчуп, чечилбей келет. Бул үчүн жергиликтүүлөр жана эл аралык коомчулук өлкө президенти Николас Мадурону айыптап келишет.

Быйыл мартта өлкөнүн жогорку соту демократиялык жол менен шайланган Улуттук жыйынды мыйзам чыгаруу укугунан ажыраткан. Анын ордуна Конституцияны бийликке ыңгайлуу кылып өзгөртүүгө белсенген орган түзүлгөн.

Буга каршы элдик толкундоолор учурунда жыл башынан бери 130 адам өлүп, 500 ашууну камакка алынды.

Сахаров сыйлыгын 1988-жылы Европарламент негиздеген. Адам укуктары жана негизги эркиндиктер жаатында зор салым кошкондорго ыйгарылат. Ага кошумча 50 миң евро акчалай тапшырылат.

XS
SM
MD
LG