Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:15

Атамбаев чек арадагы айдоочуларга 1 миллион сом бөлдү


Кыргыз-казак чек арасына топтолгон жүк машинелери.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган автоунаа айдоочуларынын тамак-ашына президенттик фонддон 1 миллион сом бөлдү.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга жана күн сууп калгандыгына байланыштуу бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы 26-октябрда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаршембиде Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген.

Учурда кыргыз-казак чек арасында элдин жана автоунаалардын Казакстанга өтүүсү дале кыйынчылык жаратууда. Ушул күндөрү өткөрмө бекеттерде 600дөй жүк ташуучу автоунаа турат.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатканын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында билдирген. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG