Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

ТИМ: Казакстан чек арада текшерүүнүн күчөшүн ар түрдүү түшүндүрүп жатат 


Айымкан Кулукеева.
Айымкан Кулукеева.

Казакстан чек арада текшерүүнүн күчөшүн ар түрдүү түшүндүрүп жатат.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын Казакстандын Бишкектеги казак элчилигинин алдындагы акция тууралуу тараткан маалыматына кайтарган жообунда айтылат.

Кулукеева чек араларда көзөмөлдү күчөтүү ЕАЭБдин максаттарына жана эки мамлекеттин өнөктөштүк алакасына жооп бербейт деп айткан. Ошондой эле казак тарап көзөмөлдүн күчөшүн ар кайсы убакта ар башка түшүндүрүп жатканы, 11-октябрда укук коргоо органдарынын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча пландуу операциясы катары десе, 14-октябрда Казакстандын маалымат жана коммуникация министри мындай кадамды Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырганы эске салынган.

15-октябрдагы шайлоо күнү казак тарап өз аракетин аткезчиликти токтотуу менен түшүндүргөнүн белгилеген Кулукеева муну менен Астана эки элдин коомчулугуна туура эмес маалымат берип жатат деп билдирди.

26-октябрда Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында “Кыргыз-казак бир тууган” деп аталган акция өткөн. Анын катышуучулары чек аранын жабылышынан эки өлкөнүн жарандары тең жабыркап жатканын айтышып, казак президенти Нурсултан Назарбаевге маселени чечүү өтүнүчү жазылган кайрылуу катын жолдогон. Акциядан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кыргыз бийлиги коомчулукка туура маалымат бербей жатат деген билдирүү тараткан. (NT)

XS
SM
MD
LG