Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргыз-казак мамилеси боюнча маалымат жыйыны өтөт


Кыргыз-казак чек арасынан өтпөй турган оор жүк ташуучу машинелер.
Кыргыз-казак чек арасынан өтпөй турган оор жүк ташуучу машинелер.

Экономика министри Артем Новиков бүгүн Бишкекте кыргыз-казак соода-экономикалык мамилеси боюнча маалымат жыйын берет. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Эки мамлекеттин солгундаган алакасы, андан чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Новиков менен бирге Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Болот Бирназаров да кабарлай турганы айтылды.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөтөн. Ошондон бери мамиле чыңалып турат.

Расмий Астана муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага барып, казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугушкан, тараптар жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды, жеңил жана бош жүк ташуучу автоунааларды текшерүүдө жеңилдик берүүгө жетишкен. Бирок оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, учурда алардын саны 600дөн ашты.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Армениянын борбору Ереванда өткөн отурумунда Казакстан Кыргызстан менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча Исаков менен жетишилген "жол картага" кол коюудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG