Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Бычакталган милиция кызматкеринин сөөгү жерге берилет


Маркум Уларбек Майрамбеков.
Маркум Уларбек Майрамбеков.

Бишкектин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбековдун сөөгү бүгүн Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өзү туулган Масы айылына коюлат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 25 жаштагы ага лейтенант Майрамбеков Криминалдык милиция кызматында эмгектенген. Ал 26-октябрда белгисиз жагдайда көчөдө бычакталып каза болгон.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Уларбек Майрамбеков 25-октябрда үйлөнүү тоюн өткөрүү максатында эмгек өргүүсүнө чыккан.

XS
SM
MD
LG