Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

АКШ Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөттү


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Сентябрь, 2017-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Сентябрь, 2017-жыл.

АКШ Түндүк Кореядагы адам укуктарынын бузулушу үчүн жооптуу деген атка минерлер менен аскер кызматкерлерине каршы санкцияларды күчөттү. Бул ирет тизмеге Түндүк Кореянын жети жараны жана үч уюм кошулганын АКШнын каржы министри Стивен Мнучин кабарлады.

Маалыматка караганда, санкция негизинен өлкөнүн аскердик коопсуздук департаментинин жетекчиси, эмгек министри, курулуш компаниялардын бирине тиешелүү. Мнучин түндүк кореялык аскер кызматкерлери диссиденттерди куугунтуктап, өлкөдөн качкандарды бүт дүйнө боюнча аңдып жүрөт деп билдирди. Анын айтымында, чектөөлөр бийликтин режимин колдоо үчүн мажбурланган эмгектен түшкөн кирешени колдонгон "каржы ортомчуларына" да багытталган.

Октябрдын этегинде АКШ президенти Дональд Трамп Орусия Түндүк Кореянын ядролук куралын жок кылуу боюнча аракеттерге жолтоо болуп жатат деп жарыялаган.

Сентябрда Пхеньян суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жарыялагандан кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияны кеңейткен.

XS
SM
MD
LG