Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Kloop.kg сайтындагы шайлоого байланыштуу макала иликтенип жатат


Kloop.kg сайтында шайлоо алдындагы көз боёмочулук тууралуу жарыяланган макала боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөө жүргүзүп жатат.

Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов макалада жарандардын укугу боюнча туура маселелер көтөрүлгөнүн, бирок айрым маалыматтар чагым болушу мүмкүндүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бул чындыкка жатпайт. Маалыматты биздин адистер изилдеп, текшерип жатышат. Макаладагы бардык сандар изилденет. Бул фотошоппу же башкабы, аны карайбыз.

Kloop.kg сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз samara.kg сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Аталган сайт үгүт кампаниясы учурунда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берчүлөрдү белгилеп турганы айтылат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы мекеменин сайтынын коргоо системасы күчтүү экенин, ошентсе да хакердик чабуулдар болуп турарын белгиледи.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан. Аны добуш бергендердин 54 пайыздан ашууну колдогон.

Азырынча Жээнбековдун штабы бул боюнча комментарий бере элек. (KE\SE)

XS
SM
MD
LG