Бишкекте чыгыш адабиятына багытталган "Шанс" аттуу китеп дүкөнү ачылды. "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясына таандык бул дүкөн шаардын борборунда, Улуттук филармониянын жанында жайгашкан. Ачылышы 27-октябрда болду.
Заманбап шарттагы китеп дүкөндө кыргыз жана орус тилиндеги китептер сатылат. Окурмандардын эс алуусу үчүн кофе иче турган жай да бар.
"Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясынын жетекчиси Наргиза Узакбаеванын айтымында, дүкөндө негизинен кытай тилинен кыргыз жана орус тилине которулган адабияттар, кыргыз акын-жазуучуларынын китептери сатылат. (ZA)