Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Ош шаарындагы жапырт мушташ иликтенип жатат


Түнкү Ош
Түнкү Ош

Ош шаарындагы «Каныкей» тойканасынын алдында 26-октябрдын түнүндө болгон жапырт мушташ иликтенип жатат.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, жаңжал тойго келген коноктор менен сырттагы белгисиз топтун ортосунда болгон. Мушташка болжол менен элүүдөй адам катышканы айтылып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча олуттуу жабыркагандар жок.

Окуянын чоо-жайы жана кармалгандар тууралуу милиция азырынча маалымат бере элек. (SE)


XS
SM
MD
LG