Кыргызстан дыйкан-фермерлер өндүргөн продукцияны Орусияга темир жол менен жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн Ак үйдө чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алганда сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев билдирди.
Президенттин айтымында, вагондор пломбаланып жөнөтүлөт.
Мамлекет башчы ошондой эле ТЭЦ жана башка агрегаттарды Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүргө өткөрүү керектигин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын, бул үчүн биргелешкен ишкана ачып, жеңилдетилген насыя табуу керек экенин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев жогоруда аталган иштин баарын кыргыз өкмөтү тез арада жүргүзүшү керектигин кошумчалады. (SDz)