"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык уюму Шавкат Мирзиёевдин кызматтагы алгачкы бир жылында өзбек бийлиги адам укуктарынын абалын жакшыртуу багытында “айрым позитивдүү кадамдарды” жасады деп билдирди. 26-октябрда жарык көргөн докладда укук коргоочу топ Ташкент адам укуктары чөйрөсүндө өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууну өлкөдөгү жаңы саясий доордун критерийи кылууга тийиш деп айтылат.
HRW өзбек бийликтерин маалымат каражаттары, активисттер же башкалар тарабынан болобу, өкмөт саясатынын дарегине айтылган сын демократиялык коомго өтүүдө бааланат деп так ишара кылууга үндөдү.
Өткөн 12 айда Өзбекстанда бери дегенде 16 саясий туткун бошотулду, миңдеген киши коопсуздук кызматтарынын “кара тизмесинен” алынды, өкмөттүк мекемелердин жарандарга отчет берип туруусу артты, - деп жазат укук коргоо уюму.
Ошол эле маалда саясий себептен улам соттолгон миңдеген киши дагы деле абактарда кала берүүдө, көбү кыйноолорго, башка зомбулукка туш болууда, - деп белгилешет доклад авторлору.