Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Президенттик аппарат Лебедевдин сөзүнө жооп кайтарды


Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедевге кайрылып, кыргыз бийлиги кабыл алган документти кунт коюп окуп чыгууну сурады.

Жума күнү Лебедев РИА-Новостиге комментарий берип, Кыргызстанда 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" болуп жарыяланганын Орусияга каршы, достукка доо кетирүүчү чечим катары сыпаттаган.

Мындан улам Орусияда жүргөн кыргызстандыктарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө уруксат берген эреже жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн айткан.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлык Кыргызстанда ушул күнгө чейин улуттук майрам катары белгиленип келе жаткан 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүүгө багытталганын билдирди.

"1916-жылдагы окуяларды биздин өлкөдө Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш. Анткени ошол кездеги Орусияда бийликтин алмашуусу кыргыздарга эле эмес, колониалдык эзүү алдында жашаган башка элдерге да сакталып калууга жана ХХ кылымда өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө ээ болушуна мүмкүндүк берди", - деп айтылат маалыматта.

Лебедевге багытталган расмий билдирүүдө документ көңүл коюп окулбаганы, андыктан кайра таанышып чыгуу сунушталган.

26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү кылып белгилеген жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта айтылгандай, мындай чечим 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатын көздөй турганы, ата-бабалардын элесине таазим этүү экени айтылган.

XS
SM
MD
LG