15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болуп катышкан Токтайым Үмөталиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко жазган арызы канааттандырылган жок. Арыз Бишкекте Райондор аралык сотко 25-октябрда берилген. Ал 26-октябрда каралып, чечим түнкү саат 12лерде чыгарылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Үмөталиева өзү билдирип, аны шашып кабыл алынган туура эмес чечим деп атады.
Үмөталиева шайлоодо ачылган 27 кошумча добуш берүү участкалары мыйзамга туура келбейт деген негизде сотко кайрылган. Мындан улам БШК президенттикке жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековдун иннауграциясынын датасы аныктай албай келатканы айтылган. Муну БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна бышыктады:
- Үмөталиеванын Жогорку Сотко кайрылууга укугу бар. Андыктан, күтүшүбүз керек,- деди Бекматов.
Үмөталиева жогорку инстанцияга кайрылуу маселесинде азырынча бир чечимге келе электигин билдирди.
Расмий маалыматтарда кошумча ачылган добушканалар жарандардын каалаган жеринен шайлоого катышуусун шарттайт деген негизде уюштурулганы айтылган.
Шайлоодо 11 талапкер ат салышып, Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан. (SE)