Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:14

Пакистан соту мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифти камоого буйрук берди. Коррупцияга айыпталган Шариф жубайы Лондондо дарыланып жатканына байланыштуу сотко келбей жүрөт. Судья Мохаммад Башир адвокатынын жүйөсүн четке какты.

Экс-премьер Пакистанга келип сотко катышмак, бирок анын ордуна бир нече күн мурда Сауд Арабияга барып, ушу тапта Жида шаарында жүргөнү маалымдалууда. Бул иш боюнча күнөөлөнүп жаткан кызы Мариям жана күйөө баласы Мохаммад Сафдар бейшемби күнкү соттук угууларга катышты, эки уулу болсо Лондондо жүрөт.

Коррупция боюнча тергөө башталганда июлда Жогорку Сот 67 жаштагы Шарифти кызматтан кетирүү буйругун берген.

2016-жылы ачыкка чыккан Панама досьесинде Шариф үй-бүлөсү офшордогу компаниялар аркылуу Лондондо кымбат баалуу мүлк сатып алганы айтылган.

Экс-премьер муну коопсуздук кызматынын кутуму деп атаган. Ал эми оппоненттери бул процессти жогорку аткаминерлерди сот жообуна тартуунун сейрек мисалы катары кубатташууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG