Крым татарларынын лидерлеринин бири Илми Умеров жарым аралга кайтып барууга аракеттенерин билдирди. Умеров жана крым татарларынын межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгөз 25-октябрда күтүүсүздөн Орусиядагы абактан бошотулуп, Түркияга учуп кетишкен.
Бейшембиде Украинанын Анкарадагы элчилигинде журналисттер менен жолугушууда Умеровдун кое берилишинин шарттары тууралуу кабардар эместигин, Орусия аларга Крымга кайтууга уруксат берип же бербешин билбей турганын айтты. "Канча бир убакыттан кийин жарым аралга сөзсүз кайтам”, - деди Умеров.
2014-жылы кошуна Украинанын аймагын аннексиялап алгандан кийин Москва крым татарларынын межлисин мыйзамсыз деп атаган.