Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Испан премьери Каталония өкмөт башчысын кызматтан алууга уруксат сурады


Мариано Рахой
Мариано Рахой

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Сенаттан Каталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемонду кызматтан алууга уруксат сурады.

Бүгүн Мадридде Сенаттын комиссиясы автономдуу аймакта түз башкаруу киргизүү маселесин талкууламакчы. Борбордук бийлик Конституциянын 155-беренесин пайдаланып, андан кийин жарым жылдын ичинде Каталонияда эрте шайлоо өткөрүүнү көздөөдө. Кечээ аймактын өкмөт башчысы Пучдемон мөөнөтсүз шайлоо жарыялоодон баш тарткан. Маалымат каражаттары жазганына караганда, регионалдык парламент таркатылса, Мадрид түз башкарууну күн тартибинен алып салмак.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумдан кийин Пучдемон эгемендик декларациясына кол койгон, бирок анын күчкө кирүүсүн токтото туруу керек деп, борбордук өкмөт менен сүйлөшүүгө үндөгөн. Добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган.

XS
SM
MD
LG