Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Назарбаев латын арибине негизделген алфавитти бекитти


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын арибине негизделген казак тилинин жаңы алфавитин бекитти. Президенттин жарлыгы Ак ордонун интернет сайтына 27-октябрда жарыяланды. Жаңы алфавитте 32 тамга бар, бир нече тыбыштар апостроф аркылуу көрсөтүлгөн. Эми 2025-жылга чейин казак тилин латын графикасына баскыч-баскычы менен өткөрүү жана анын мыйзамдык-ченемдик базасын иштеп чыгуу үчүн Улуттук комиссия түзүлөт.

Сентябрда казак парламентинде каралган жаңы алфавиттин долбоору 25 тамгадан жана сегиз диграфтан турган. Башкача айтканда сегиз тыбыш эки тамгадан куралган. Долбоордун авторлору бул вариант айрыкча санариптик технологияга ыңгайлуу болуп, каражат да кыйла үнөмдөлөт деп негиздешкен. Бирок бул вариант казак коомунда талаш-талкуу жараткан эле.

Назарбаев 2025-жылга чейин бардык иш-кагаздар, расмий аталыштар латын арибинде болушу керектигин билдирген.

Казакстан 1929-жылдан 1940-жылга чейин латын алфавитин колдонгон. Андан кийин кириллицага өткөн. Азыр казак алфавитинде 42 тамга, 37 тыбыш бар.

XS
SM
MD
LG