Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

Каталониянын парламенти Испаниядан бөлүнүүнү колдоду, бирок оппозициялык депутаттар добуш берүүгө катышкан жок.

“Парламент өкүлдөрү тарабынан көз карандысыздыкты жарыялоо тууралуу резолюцияны 70 киши колдоп, ону каршы болду. Эки добуш жараксыз”,- деди каталон парламентинин спикери Карме Форсадел.

Жободо эми автономиянын өз мыйзам долбоорлорун жазуу жана Испания менен кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.

Мадрид Каталониянын эгемендик мүдөөсүнө каршы болууда. Премьер-министр Мариано Рахой сабырдуулукка чакырып, аймакта мыйзам үстөмдүгү орнотуларын айтты.

Бүгүн Мадридде Сенаттын комиссиясы автономдуу аймакта түз башкаруу киргизүү маселесин талкууламак.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG