Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Каталониянын парламенти жана өкмөтү таратылды


Каталониянын аймактык аткаруу бийлигинин башчысы Карлес Пучдемон.
Каталониянын аймактык аткаруу бийлигинин башчысы Карлес Пучдемон.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталониянын парламенти жана өкмөтү таратылганын жарыялады. Аймакта мөөнөтүнөн мурда шайлоолор 21-декабрга белгиленди.

Ага чейин Каталониянын парламенти Испаниядан эгемендик боюнча декларацияны кабыл алган эле. Бул документти автономия парламентиндеги 70 депутат колдоп добуш берген. 10у каршы чыккан.

Мындан соң Испаниянын борбордук бийлиги дароо парламентти жана өкмөттү таратып, аймакка түз башкаруу киргизилгенин жарыялады. Өкмөттүн мындай аракетине испан парламенти расмий уруксат берип, 214 депутат Каталонияга түз башкаруу киргизүү демилгесин колдоду.

“Испания олуттуу мамлекет жана улуу эл. Биз бир ууч адамдардын Конституциябызга кол салуу аракетине чыдай албайбыз”- деди Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой.

Кийинки аптада Испаниянын Башкы прокуратурасы Каталониянын аймактык аткаруу бийлигинин башчысы Карлес Пучдемон жана башка кызмат адамдарына көтөрүлүш уюштуруу боюнча айып тагары күтүлүүдө. Испания королдугун мыйзамы боюнча мындай айыптар тагылган адамдар 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган. Референдумга каршы көз карашын Евробиримдик да айткан.

Ошол эле маалда каталониялыктардын көбү добуш берүүнү бойкоттошкон. Бир да өлкө автономиянын эгемендик мүдөөсүнө колдоо көргөзгөн эмес.

XS
SM
MD
LG