Дайыр Кенекеев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынын расмий бошотулду. Мындай буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруу биринчи орун басар Чолпонкул Төрөкуловго жүктөлдү.
Дайыр Кенекеев буга чейин вице-премьер-министрликке дайындалган болчу. Ал премьер-министрдин реалдуу сектор боюнча орун басарлык кызматынын аткарат.(BkA)