Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Абдил Сегизбаевге генерал-майор аскердик наамы ыйгарылды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге генерал-майор аскердик наамы ыйгарылды. Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкта Сегизбаевге аскердик наам өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоогу салымы үчүн ыйгарылганы айтылган.

44 жаштагы Абдил Сегизбаев 2015-жылдан бери УКМК төрагасы болуп келет.

Ал буга чейин президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын улуттук коопсуздукка тобокелдерди болжолдоо жана анализдөө кызматынын башчысы болуп эмгектенген.(BkA)

XS
SM
MD
LG