Мамлекеттик каттоо кызматынын IT-адистери органдын серверине тыштан кийлигишүү болгонун аныктаган жок. Бул тууралуу аталган кызмат билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, Kloop.kg порталындагы иликтөөнүн негизинде Каттоо кызматынын адистери санариптик текшерүүлөрдү жүргүзүп, серверге тыштан кийлигишүүнүн белгилерин аныктаган эмес.
“ Эч кандай жеке сайт веб-серверде жайгашкан эмес жана маалыматтар базасынан колдонгон эмес. Маалыматтар базасында сактоо, иштөө жана коопсуздук шарттары мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берет” деп айтылат билдирүүдө.
Kloop.kg сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз samara.kg сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Аталган сайт үгүт кампаниясы учурунда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берчүлөрдү белгилеп турганы айтылат.
Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин да мындай маалыматты четке кагып, мекеменин сайтынын коргоо системасы күчтүү экенин билдирген болчу. (BkA)