Италияда 30дан ашуун адамга ВИЧ жуктурган адам 24 жылга соттолду. 33 жаштагы Валентино Таллуто жугуштуу ооруга чалдыкканын билип туруп, башка адамдар менен жыныстык байланышта болгон.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Таллуто курмандыктарын социалдык тармактардан жана таанышуу сайттарынан тапкан. Андан соң алар менен көңүлдөш болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Таллуттого жакын болгон аялдардан үч эркекке жана бир балага ВИЧ жукканы да билинди.
Сотто прокурор айыпталуучуну “өлүмдүн үрөнүн сепкен” деп атап, өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. Бирок сот Валентино Таллутону 24 жылга кесүү чечимин кабыл алды.