Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:40

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму эркиндикке чыккан крым татар активисттери Илми Умеров менен Ахтем Чийгоз Крымга эркин баруу укугуна ээ болушу керек деп эсептейт.

Уюмдун Украинадагы бөлүмүнүн башчысы Оксана Покальчуктун пикиринде, Орусиянын Крымдын аннексиялашына каршы пикир айткандар куугунтукка кабылып, абакка кармалууда. Буга байланыштуу орус бийлигин жарым арал маселесине байланыштуу куугунтукка кабылгандарды бошотууга чакырды.

Крым татарларынын Межилисинин төрага орун басарылары Илми Умеров жана Ахтем Чийгоз 25-октябрда Орусиядагы абактан бошотулуп, Түркияга учуп кетишкен. Аларды бошотуу боюнча бир нече эл аралык уюм орус бийлигине кайрылган эле.

Илми Умеров да сепаратизмге айыпталып, эки жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Ахтем Чийгоз жапырт башаламандыкты уюштурду деген айып менен сегиз жылга кесилген болчу.

Учурда Украинада жүргөн активисттер жарым аралга кайтып барууга аракеттенерин билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG