Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Ички иштер министрине жана анын орун басарына генерал наамы берилди


Ички иштер министри Улан Исраилов жана анын орун басары Данияр Абдыкаров.
Ички иштер министри Улан Исраилов жана анын орун басары Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министри Улан Исраиловго жана анын орун басары Данияр Абдыкаровго милициянын генерал-майору деген наам берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Улан Исраилов былтыр ноябрдан бери ички иштер министри болуп эмгектенип келет.

Убагында Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Исраилов буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматын да жетектеген эле.

Министр Исраиловдун дарегине ИИМдеги реформаны жүргүзө албаганы жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырбаганы үчүн сын айтылып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG