Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Каталония: Пучдемон “демократиялык оппозиция” түзүүгө чакырды


Карлес Пучдемон.
Карлес Пучдемон.

Испан бийликтери ыйгарым укуктарын токтоткон Каталониянын мурдагы башчысы Карлес Пучдемон тарапкерлерин “демократиялык оппозиция” түзүп, борбордук бийликке тынчтык жолу менен каршылык көрсөтүүгө чакырды. Ал Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталонияга түз башкаруу киргизген соң Барселонада төбөлсүздүктү жактаган тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөдү.

Мадрид Пучдемондун ордуна 21-декабрдагы шайлоого чейин Каталониянын убактылуу башчысы кылып Сорайя Саэнс дэ Сантамарияны дайындаган.

Буга чейин Испаниянын биринчи вице-премьерлигин аркалаган Сантамария Барселонада каталон өкмөтүнүн алгачкы жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.

Каталониянын парламенти 27-октябрда Испаниянын карамагынан чыгуу жана көз карандысыздык тууралуу декларациясын кабыл алган.

Мындан соң Испаниянын борбордук бийлиги дароо парламентти жана Карлес Пучдемон башкарган өкмөттү таратып, аймакка түз башкаруу киргизилгенин жарыялаган.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогон. Бирок Мадрид аны мыйзамсыз деп атап келет.

XS
SM
MD
LG