Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

ТИМ айдоочулардын сынына жооп берди


Оштогу жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын Кытайдан виза алууга байланышкан маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин дарегине жолдогон сыны жүйөсүз. Бул тууралуу аталган министрликтин комментарийинде айтылат. Тышкы иштер министрлиги айдоочулардын виза алуу тартиби боюнча түшүндүрмө берип, бул жаатта эч кандай мыйзамсыз иштер жок экенин билдирген.

Министрликтин жүйөсүндө, Кытайга виза алуу боюнча иштер Транспорт жана жолдор министрлиги менен бирге мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан дипломатиялык мекеменин дарегине айтылган сындар негизсиз экени белгиленген.

Буга чейин Ошто жүк ташуучу унаалардын айдоочулары маалымат жыйынын куруп, тышкы иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Алар буга Кытай визасынын айланасында пайда болгон коррупциялык көрүнүштөр себеп болгонун айтышкан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG