“Ачык Орусия” оппозициялык кыймылынын негиздөөчүсү Михаил Ходоровский Орусиядагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген журналист Ксения Собчактын шайлоо кампаниясын каржылабайт. Бул тууралуу ал социалдык тармактын колдонуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ходорковскийдин айтымында, 2018-жылкы президенттик шайлоо “тандоосуз өткөн шайлоо” болот жана аны каржылоонун эч мааниси жок.
“Жыйынтыгы мурдатан белгилүү аракетти шайлоо деп атоого болбойт” деди Ходорковский.
Ошол эле учурда оппозициячыл ишмер Ксения Собчакты “Кремлдин кишиси” катары эсептебейт.
Тележурналист Ксения Собчак шайлоого катышуу ниетин 18-октябрда билдирип, өзүн “бардыгына каршы талапкер” деп атаган. Ошол эле маалда журналист Навальныйга шайлоого чейин ат салышууга уруксат берилсе, өзүнүн талапкерлигин алып салууга даяр экенин билдирген. (BkA)