Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:13

Таласта президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө нааразы болуп, акцияга чыккан 300дөй адам менен Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков жолугушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Акциянын катышуучулары президент Атамбаевдин айткан сөздөрү туура эмес болгонун, бул үчүн кечирим сурашы керектигин айтышууда. Таластын мэри Айдар Жусупбеков акцияны өткөрүү үчүн расмий уруксат алынбаганын билдирип, элди тынч тароого чакырды.

Алмазбек Атамбаев 18-октябрда жогорку окуу жайларынын алдынкы студенттери менен жолугушууда Манасты билүүгө чакырган жана шайлоодон кийин Таласта нааразылык билдирип акцияга чыккандарды сынга алган эле. (AlS/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG