Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Талас: акцияга чыккандар тарашты


Таластагы митинг.
Таластагы митинг.

Талас шаарында президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө нааразы болуп акцияга чыккандар тарашты. Облустук акимияттын имаратынын алдына чогулган 300гө жакын адам резолюция кабыл алышты. Анда президент Атамбаев "кечирим сурашы керек" деген талап камтылган.

Таластын мэри Айдар Жусупбеков акцияны өткөрүү үчүн расмий уруксат алынбаганын билдирип, элди тынч тароого чакырган.

Алмазбек Атамбаев 18-октябрда жогорку окуу жайларынын алдынкы студенттери менен жолугушууда Таластын айрым тургундарын сынга алган. Анда мамлекет башчысы шайлоодон кийинки митингде "Манас" эпосун уккусу келбегендерди сындап, эпостогу терс каармандардын тукумдары катары атаган.

Буга нааразы болгон Таластын айрым тургундары буга чейин маалымат жыйынын өткөрүп, президенттин кечирим сурашын талап кылышкан.(AlS/BkA)

XS
SM
MD
LG