Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Норвегияда кулаган орус тик учагынын калдыгы табылды


Свальбард аймагындагы Ми-8 тик учагы.
Свальбард аймагындагы Ми-8 тик учагы.

Норвегиялык куткаруучулар океандын түбүнөн Орусиянын жоголгон тик учагынын калдыгын табышты. Бул тууралуу Норвегиянын куткаруу-издөө кызматы "Твиттердеги" баракчасына жазды. Маалыматка караганда, тик учактын калдыктары Шпицберген аралынын жанында суу түбүнөн табылган.

Ми-8 үлгүсүндөгү орус тик учагы Арктикадагы Свальбард архипелагындагы деңизге 26-октябрда кулаган. Анын ичиндеги сегиз адамдын бешөө тик учак экипажы, үч адам Арктика жана Антарктиканы изилдөө институтунун окумуштуулары болгон. Азырынча бир да адам табыла элек. Норвегиялык куткаруучулар аларды тирүү табуу ыктымалдуулугу төмөн экенин билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учакты издөө үчүн Норвегияга куткаруучуларды жөнөткөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG