Кыргызстанда 30-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24;
Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;
Нарын облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 13...18;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн 7...9, күндүз 24...26 градус жылуу болот.