Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Ооганстанда талиптердин чабуулунан 13 жоокер мерт болду


Күзөттөгү ооган аскери
Күзөттөгү ооган аскери

Ооганстандын түндүгүндө жоочулардын кол салуусунан кеминде 13 полициячы мерт болду. Кундуз провинциясынын полиция башчысы Абдул Хамидинин айтымында, Хан-Абад районундагы көзөмөл-өткөрүү бекетине 29-октябрда чабуул коюлган.

Ханабаддын акими Аятулла Амири чабуулда бир гана полициячы аман калганын билдирди.

Калаба үчүн “Талибан” экстремисттик кыймылы жоопкерчилик алды.

19-октябрда талиптер Кандагарда 43 аскерди өлтүрүп кетишкен. Ушуну менен алар быйыл өкмөттүк аскерлерге бир нече ирет кандуу чабуул жасашты. 2014-жылы өлкөдөн НАТОнун басымдуу күчтөрү чыгып кеткенден бери жоочулар менен күрөштөгү негизги милдет жергиликтүү өкмөткө артылган.

XS
SM
MD
LG