Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

Сомалидеги жардыруудан набыт болгондордун саны 26га жетти


Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Аш-Шабаб" террордук уюму өзүнө алды. 

Дагы ондогон киши жаракат алышты. Сомалинин борборундагы Nasa Hablod-2 мейманканасына кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Аш-Шабаб" террордук уюму өзүнө алды.

28-октябрь күнү жасалган чабуул отелдин кире беришинде мина орнотулган автомашинаны жардыруу менен башталган.

Ошол эле күнү парламент имаратынын жанында бомба орнотулган дагы бир унаа жардырылганы кабарланды. Анын кесепети аныкталып жатканы кабарланууда.

14-октябрда Сомалинин борбору Могадишонун эл көп чогулган жеринде болгон террордук жардыруудан 358 киши набыт болгон эле.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG