Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабында тутанган өрт 29-октябрда кечке жуук өчүрүлдү. Бул тууралуу Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Закир Байзаков "Азаттык" үналгысына билдирди:
- Өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрү тынымсыз иштешти. Аларга жергиликтүү элден да кол кабыш кылышты.
Баткен районундагы Тегирмен тоосундагы куураган чөп 28-октябрда күйгөн. (JsA)