Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:20

Москвада саясий репрессиялардын курмандыктары эскерилди


Репрессия курмандыктарын эскерүүдөгү шамдар.
Репрессия курмандыктарын эскерүүдөгү шамдар.

29-октябрда Москванын Лубянск аянтындагы Соловецкий ташынын алдында эртең мененки саат ондон кечки онго чейин сталиндик репрессия учурунда каза болгондордун ысымдары окулду. Миңден ашык киши катышкан акцияны «Мемориал» укук коргоо уюму уюштурду.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн көбү 61 жаштагы тарыхчы Юрий Дмитриевди колдогон пикирлерин айтышты. 20 жыл мурда Сандармох жана Красный Борудагы саясий репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жерлерди тапкан тарыхчы 2016-жылдын декабрынан бери тергөө абагында камакта жатат. «Мемориал» уюму аны саясий туткун деп тапкан.

Орусияда бул акция 2007-жылдан бери өтүп келет. 30-октябрда өлкөдө Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG