Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Өзбекстан өз мессенджерин ишке киргизет


«Өзбектелеком» жакында Telegram, Skype, Viber жана WhatsApp мессенджерлеринин аналогу болчу Uzphone тиркемесин ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Учурда Uzphone тестирлөөдөн өтүүдө. Азырынча ал аркылуу тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүп, өз ара үн алышып, сүйлөшүүгө да болот.

«Өзбектелеком» компаниясынын өкүлү Марат Фаттаховдун айтымында, дүйнөгө белгилүү тиркемелердин жергиликтүү вариантын иштеп чыгуу зарылдыгы чет өлкөлүк компаниялардын Өзбекстанда таап жаткан кирешелеринин бир бөлүгүн алып калуу, ошондой эле колдонуучуларга чет өлкөлүк аналогдорундай көп траффик талап кылбаган мессенджер сунуштоо сыяктуу бир нече фактор себеп болгон.

Болжол менен бир жылдан кийин тиркемени смарт-телевизор жана көзөмөл камералар менен интеграциялоо пландалууда. «Өзбектелекомдон» билдиришкендей, компаниянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү аталган тиркемени жүктөп алган 1 миллиондон ашык колдонуучуну тейлөөгө шарт түзөт.

Буга чейин Өзбекстанда «Одноклассники» жана «Фейсбукка» окшош жергиликтүү социалдык түйүндөр ишке киргизилген. Бирок алар өзбекстандыктардын арасында тиешелүү деңгээлде популярдуулукка ээ боло алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG