Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Канатбек Исаевдин соту 2-ноябрга жылды


Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Канатбек Исаев.
Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Канатбек Исаев.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевдин ишин кароону 2-ноябрга жылдырды.

Соттук жараяндын жылышына депутатты коргоого жаңы жактоочу кошулуп, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураганы себеп болду. Бул тууралуу маалыматты айыпталуучунун агасы Талантбек Исаев “Азаттыкка” ырастады.

УКМКнын тергөө башкармалыгы быйыл май айында Исаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда.

Мындан сырткары 30-сентябрда Youtube порталында "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдап жатканы тууралуу үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видео тасма тартып жаткан белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардан куралган ири сумманы берип жатканы көрүнөт. Ошол күнү эле УКМК депутат Канатбек Исаевди “бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен кармаган.

Ал өзүнө кылмыш иштери негизсиз козголгонун айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG