Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

АКШда Орусия иликтөөсү боюнча алгачкы камоолор болушу мүмкүн


Роберт Мюллер.
Роберт Мюллер.

Америкалык медиадагы маалыматтарга караганда, Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөөнүн алкагындагы биринчи камоолор бүгүн болушу мүмкүн.

CNN, NBC телеканалдары жана башка агенттиктер бул иш боюнча алгачкы айыптар расмий коюлганын өткөн аптада эле кабарлашкан. Бирок айыптар кимге коюлганы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Америкалык медианын маалыматтарында айыптоо актылары бүгүн жарыяланары гана айтылып жатат.

Ак үй соңку маалыматтарды азырынча түз комментарийлей элек.

2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген ырастоолорду жана президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн АКШнын Юстиция министрлиги атайын прокурорлукка ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллерди быйыл май айында дайындаган.

Президент Дональд Трамп өзү анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын такай төгүндөп жүрөт.

АКШдагы шайлоо жараянына кийлигишти деген ырастоолорду Кремл да четке кагып келет.(UE)

XS
SM
MD
LG