71 жаштагы Масуд Барзанинин кызматтан чегинип жатышы Күрт автономиясынын өткөн айдагы көз карандысыздык референдумунан кийин тирешүү жаралган учурга туш келди.
Күрт автономиясынын парламенти президенттик кызматта 2005-жылдан бери турган Барзанинин быйыл 1-ноябрдан тарта кызматтан кетүү арызын кечээ көпчүлүк добуш менен жактырды.
Автономия бийликтери 25-сентябрда аягы аймактык кризиске алып келген талаштуу референдумда көз карандысыздык колдоо тапты деп жарыялашкан.
Расмий Багдад рефендумду мыйзамсыз деп атаган болчу. Ага АКШ, Түркия, Иран жана башкалар да каршылык билдиришкен.
29-октябрда Эрбилден жасаган билдирүүсүндө Масуд Барзани эл аралык коомчулук Күртстандын элинин жана алардын Пешмерге күчтөрүнүн “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштөгү ролун тааныганы менен, “өз кызыкчылыктарынан” улам референдум маселесинде аларды колдобой койгонун белгиледи.
Референдумдан соң Ирактын өкмөттүк аскерлери өлкө түндүгүндө жайгашкан Киркук провинциясындагы буга чейин Күрт автономиясынын Пешмерге күчтөрү ээлеп турган талаштуу аймактарды тартып алган эле.
Соңку окуялардан улам Күрт автономиясында 1-ноябрга белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоолор токтотулган. (UE)