Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

АКШ: Пол Манафортко айып коюлду


Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

АКШда президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт Украина менен мамилесинде АКШны алдоо үчүн кутумга барган деп айыпталууда. Ал бүгүн ФБРдин Вашингтондогу кеңсесине өзү келди. “Ассошейтед Пресс” агенттигинин маалыматына караганда, федералдык бийликтердин колуна Манафорттун Рик Гейтс ысымдуу дагы бир кызматташы да түшүп берди.

Мунун алдында америкалык медиада Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөөнүн алкагындагы биринчи камоолор бүгүн болушу мүмкүндүгү кабарланып жаткан эле.

Атайын прокурордун кеңсеси билдиргендей, Манафортко жана анын кызматташына федералдык чоң жюри "АКШга каршы кутумга барган, жалган билдирүү жасаган, акчаны адалдоо максатында кутумга барган, чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат берген эмес" деген айып койгон.

Манафорт президент Трамптын шайлоо штабынын башчылыгынан былтыр август айында, ал кезинде Украинанын мурдагы орусиячыл президенти Виктор Януковичтин Региондор партиясынын пайдасы үчүн лоббисттик ишмердик менен алектенгени тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин кеткен. Ал кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Айыптоо кортундусунда Манафорт жана анын кызматташы Гейтс Виктор Януковичке жасаган иштери үчүн "он миллиондогон доллар киреше" тапканы айтылган.

2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген ырастоолорду жана президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн АКШнын Юстиция министрлиги атайын прокурорлукка ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллерди быйыл май айында дайындаган.

Президент Дональд Трамп өзү анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын такай четке кагып жүрөт.

АКШдагы шайлоо жараянга кийлигишти деген ырастоолорду Кремль да төгүндөп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG