Мамлекеттик чек ара кызматы Кытай менен Кыргызстандын чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны 10 чакырымга жетти деген маалыматтарды жокко чыгарды. Чек ара кызматынан "Азаттык" радиосуна маалымдашкандай, "Эркечтам" жана "Торугарт" чек ара бекеттерине кечээ келген 20дай автоунаанын баары бүгүн саат 08:00 - 11:00 аралыгында чек арадан өтүштү. Учурда кыргыз-кытай чек арасында кезек күткөн автоунаалар жок деп айтылат маалыматта.
30-октябрда Кыргызстандын жүк ташуучу унаа айдоочулары маалымат жыйынын куруп, Кытайга виза алуу татаалдашканын, мындан улам Кытайга кире албай турган унаалардын тыгыны 10 чакырымга жеткенин айтышкан.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" чек ара бекеттери иш күндөрү саат 08:00 - 20:00 аралыгында ачык болот. Аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү иштебейт.
Былтыр Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес. Ошондон кийин коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Кытай виза алууну катаалдаштырган. (ZKo)