Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:44

Абанын булганышы рекорддук чекке чыкты


Жер планетасынын климатка таасир берген көрүнүшүн Эл-Ниньо (El Nino) деп атап коюшат.

Метеорология боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, көмүр кычкыл газынын (CO2) атмосферадагы концентрациясы акыркы 800 миң жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлге чыкты.

Метеорология уюмунун журналында 30-октябрда жарыяланган эсептер боюнча 2015-жылы көмүр кычкыл газынын концентрациясы бир миллионго 400 бөлүкчө болсо, былтыр бул көрсөткүч 403,3кө жетти.

Мунун себептери катары Метеорология уюму токойлордун азайышын, айыл чарбасындагы интенсивдүү ыкманы, индустриялашууну, адам ишмердигинин башка түрлөрүн атаган.

Уюмдун баяндамасында атмосферадагы акыркы жетимиш жылда буга чейин болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр, көмүр кычкыл газынын кескин көбөйүшү экология менен экономиканы олуттуу үзгүлтүккө учурата турган потенциалга ээ экендиги эскертилет. (UE)

XS
SM
MD
LG