30-октябрда ишке берилген Баку-Тбилиси- Карс (BTK) темир жолу Азербайжан, Грузия, Түркияны байланыштырып, Европа менен Кытай ортосунда жүргүнчүлөр жана жүк Орусия менен Арменияны айланып өтүүсүнө мүмкүндүк түзөт.
Жаңы темир жолдун ачылыш салтанатына азери президенти Ильхам Алиев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Грузия, Өзбекстан, Казакстандын премьер-министрлери да катышты.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин айтымында, узундугу 826 чакырымдык темир жол Азия менен Европаны туташтырган эң кыска түйүн болот.
Баку-Тбилиси- Карс темир жолунун баштапкы кубаты жылына бир миллион жүргүнчү, беш миллион тонна жүк өткөрүүгө жетет. Курулушка кеткен бир миллиард доллар каражаттын чоң бөлүгү Азербайжандын мамлекеттик мунай корунун эсебинен сарпталды.
Кытайдан чыккан поезддер алгач Казакстанга кирип, андан кийин Каспий деңизи аркылуу паром менен Бакуга жеткирилген соң Грузия жана Түркия аркылуу Батыш Европага кете алышат.
Евробиримдик өз билдирүүсүндө жаңы темир жолдун ачылышы Европа, Түркия, Грузия, Азербайжан, Борбор Азияны транспорттук жактан байланыштыруудагы маанилүү кадам экенин белгиледи. (UE)