Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Путинге кол салууга айыпталган Осмаевдин жубайы өлтүрүлдү


Амина Окуева
Амина Окуева

Адам Осмаев жана анын жубайы Амина Окуева бараткан автоунааны Киевде белгисиз бирөөлөр аткылаган. Украин тышкы иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенконун маалыматы боюнча, окуя 30-октябрда болду, Окуева өлүп, Осмаев жараат алган. Кол салуу болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатат.

Жубайларга июнь айында да кол салуу болгон. Өзүн франциялык Le Monde гезитинин кабарчысы деп тааныштырган адам жолугушуу учурунда ок ачкан. Окуева ага жооп кылып тапанчасынан атып, кол салган кишини жарадар кылган. Кармалган кишинин жанынан украин паспорту табылган. Бирок Украинанын Ички иштер министрлиги бул окуяга орусиялык атайын күчтөр аралашкан деп эсептейт.

Адам Осмаев Орусияда 2012-жылкы президенттик шайлоо алдында Владимир Путинге кол салган деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG