Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Манафорт менен Гейтс үй камагына алынышты


Пол Манафорт
Пол Манафорт

Дональд Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорт менен анын өнөктөшү Рик Гейтс өздөрүнө тагылган айыптардын бирин да моюнуна алышкан жок. Коюлган айыптардын ичинде "АКШга каршы кутумга барган, жалган билдирүү жасаган, акчаны адалдоо максатында кутум уюштурган, чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат берген эмес" деген айыптар бар.

Вашингтондун федералдык соту Манафорт менен Гейтс өлкөдөн чыгып кетүүсү ыктымалдыгын билдирип, Гейтс үчүн 5 млн, Манафорт үчүн 10 млн долларлык күрөө койду. Күрөө төгүлүп бүтмөйүнчө экөө тең үй камагында болот.

Тергөөнүн жүйөсү боюнча булар миллиондогон долларларды кымырып алышкан. 2006-2015-жылдары Манафорт мурдагы украин президенти Виктор Януковичке таандык "Аймактар партиясынан" акча алып турган. Салык төлөөдөн качып, офшордук компаниялар аркылуу 75 млн доллардан ашуун которгон. Тергөөчүлөр Манафорт 18 млн доллардан, ал эми Гейтс 3 млн доллардан ашуун акчаны адалдап алганын бекемдешүүдө.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс журналисттерге билдиргендей, буларга коюлган айыптар менен президенттик шайлоонун байланышы жок. Сандерс коюлуп жаткан айыптар Дональд Трамптын президенттик шайлоо алдындагы өнөктөштүк учуруна убактысы жагынан да дал келбесин белгилөөдө.

Ал эми президент Трамптын штабынын тышкы саясат боюнча мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулосту Сандерс "волонтер" деп атады. Дүйшөмбүдө Пападопулос ФБРге жалган көрсөтмө бергенин моюнуна алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG