Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Өспүрүмдөрдүн маңзатка берилүүсүнүн алдын алууга арналган жыйын өтөт


"Балдар укугун коргоо лигасы" өспүрүмдөрдүн маңзат колдонуусунун алдын алуу боюнча атайын долбоорду жыйынтыктап жатат. 31-октябрда Бишкекте бул долбоордун иши жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берилет. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Биз бул долбоор боюнча Бишкектеги бир нече жаңы конуштардын балдары менен иштедик. Аларга маңзат колдонуу жана колдонбоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилип, анын алкагында балдар ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана башка ийгиликтүү жарандар менен жолугушту.

Назгүл Турдубекованын белгилөөсү боюнча, бүгүнкү иш-чарага долбоорго катышкан өспүрүмдөр, алардын ата-энелери жана мугалимдери да катышат.

Кыргызстанда маңзат пайдаланган өспүрүмдөрдүн так саны белгисиз. Жарандык активисттер мындай маалыматтардын жоктугу аларга тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөгөндүгүнүн далили деп эсептешет.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG