"Аял. Айыл. Арт. Активизм" деп аталган искусство көргөзмөсү Бишкекте Ольга Мануйлованын үй-музейинде 30-октябрь күнү ачылды.
Анда элеттик аялдар айыл жергесиндеги социалдык көйгөйлөрдү искусствонун тили менен ачып беришкен. Көргөзмөдө элеттеги аялдардын орду, ичүүчү суунун жетишсиздиги, аялдардын саясаттагы катышы, турмуш-тиричилик, үй-бүлөлүк кыйынчылык жана башка көйгөйлөр тууралуу айтылган.
Көргөзмө 15-ноябрга чейин ачык болот.
Иш-чара Улуттар уюмунун "БУУнун аялдары" программасы тарабынан уюштурулууда.(ZKo)